Садыр Жапаров: "Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен бара жатабыз"

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышууда.

Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын чек ара боюнча маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

"Мына далилдүү документтер колуңуздарда турат. Кимдер каршы кыйкырбасын, маселени терең изилдеп чыгып, мамлекетке пайдалуу келишим болуп жаткандан кийин жоопкерчиликтүү мамиле жасасаңыздар жакшы болот эле. Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган эле.

Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип бара жатабыз. Жер берип жаткан жокпуз, Тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерди алып жатабыз", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров: "Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип бара жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан