Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Жыйынга өлкө башчы Садыр Жапаров катышууда.
Мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимдин долбоору каралат.