Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрдагы парламенттин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер эгер суу сактагыч кургап кетсе, бир канча жылдан кийин деле алмашып алса болоорун айтты.
"Кемпир-Абаддын алдындагы жер кетип жатат деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтаарым, азыр Камчыбек Ташиевдин баяндамасынан кийин суу астында жаткан 4127 гектар жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенине күбө болдуңуздар. Ошого карабай кокус Кемпир-Абад кургап калса, суу астындагы жер Өзгөнгө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Биринчиден, суу кургабайт, дагы кылымдар бою ага берет. Макул, суу түгөнүп, суу сактагыч кургап калды дейли, ошол замат ордуна теңме-тең башка жер берип алмашып алсак болот. Айланайын деп алмашат, анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан жердин кереги жок", - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле мамлекет башчы ал жерге эч нерсе эгүүгө мүмкүн болбой каларын белгиледи.