Эмгек министри Германиянын Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы туруктуу өкүлү менен азык-түлүк коопсуздугуна инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдайт.
Билдирүүгө ылайык, эмгек, социалдык коопсуздук жана миграция министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Римдеги (Италия) башкы кеңсесине болгон иш сапарынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Туруктуу өкүлү Йоахим Блейкер менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
«Учурда президент Садыр Жапаровдун саясатын ишке ашыруунун алкагында төрага Акылбек Жапаров баш болгон министрлер кабинети калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо боюнча активдүү иш-чараларды ишке ашырууда.
Ушул жылдын февраль айынан бери 2800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик бюджеттен Эмгек министрлиги аркылуу чакан ишкана ачуу үчүн акысыз каражаттар берилди. Мамлекет менен “Социалдык контракт” түзүлүп, бардык алуучулар финансылык сабаттуулукка жана бизнести пландаштырууга үйрөтүштү. Бул иш-чаранын ийгиликтүү болгонун көрүп, келерки жылы 10 миң үй-бүлөгө жетүүнү көздөп жатабыз», - деди Кудайберген Базарбаев жыйындын катышуучуларына.
Министр ошондой эле жакында Германия Федеративдүү Республикасынын Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин ортосунда Кыргызстандын жарандарынын миграциясы жана Федералдык мамлекеттин аймагында иштөө маселелери боюнча меморандумга кол коюлганын белгиледи.
Йоахим Блейкер өз кезегинде дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин чакырыктарынын фонунда Германия өкмөтүнүн саясаты тууралуу маалымат берди. Жолугушууда Германия акыркы жылдары БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына кошкон салымын көбөйтүп жатканы, андан ары ар кайсы өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да бөлүнгөнү айтылды.
Климаттын өзгөрүүсү маселелери Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын артыкчылыктуу багыты экенин эске алып, бул жаатта жардам Кыргызстанга да көрсөтүлүшү мүмкүн. Кудайберген Базарбаев климат маселеси өлкө жетекчилигинин көңүл борборунда экенин, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын изилдөөгө жумшалган инвестиция жалпы аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.