Садыр Жапаров: "Сабаттуулар берип жиберген жерлерди, сабатсыздар алып жатабыз"

Сабаттуулар берип жиберген жерлерди, сабатсыздар алып жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди.

"Урматтуу депутат Мадумаров, юстиция министринин дарегине сабатсыз экенсиң деп катуу сын айтып өттүңүз. Бул сиздин сүймөнчүк сөзүңүз да. Бул министр сабаттуулугу жагынан сизден эч кем калбайт, ашса ашып кетет. 3 тилде эркин сүйлөйт. 30 жылдан бери ала албай келген "Кумтөрдү" алууда опол-тоодой салым кошкон. Мурда сабаттуулар берип жиберген жерлерди, биз бүгүн сабатсыздар кайтарып алып келип жатабыз", - деди мамлекет башчы.

Буга чейин эл өкүлү Адахан Мадумаров юстиция министри Аяз Баетовдун берген жообуна канааттанбай нааразычылыгын билдирген эле.

Садыр Жапаров Мадумаровдун юстиция министрин сындаганына жооп кайтарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
orun
2022-11-17 17:14:00
Алга Садыр Жапаров!!! Көрө албай көчүгү күйгөндөр ар нерсени сүйлөй берет. Ошондой көрө албай көчүгү күйгөндөрдүн бири ушул форумда Antiradikal11 отурат каргап шилеп, долуланып.
-31
Antiradikal11
2022-11-17 23:06:00
orun, сен ичкен жугундунду бил, Садырдын доопарасы...... Саткын!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан