Бишкектин Свердлов муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп Кубанычбек Айтакунов дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басарынын кызматын Руслан Бекназаров ээлеп келген.