Кыргызстанда бийликти алмаштыруу конституциялык жол менен гана ишке ашат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Эркин билдиргендер эмес, чагымчылдар, мамлекетти дагы ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз деп бүгүнкү кабыл алынып жаткан мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарабыз дегендердин тамырынан кыркып жатабыз жана мындан ары дагы кыркабыз. Бул биздин мамлекеттик кызматкерлердин милдети. Мен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси катары мамлекетте тынчтыкты сактоону, стабилдүүлүктү кармап турууга милдеттүүмүн. Мен милдетимди так аткарам.
Ошондуктан мамлекетибизге мындан ары дагы тышкы же ички душман болбосун бүлүк салгысы келсе, биз чара көрүүгө милдеттүүбүз. Мамлекттик кызматкерлер милдетин так аткарбагандыктан өлкөбүздө үч жолу төңкөрүш болду. Үч жолу бийлик күтүүсүздөн алмашты. Мындан ары бийлигибиз сиздер кабыл алган мыйзамдын чегинде алмашканга биз шарт түзүп беребиз", - деди Ташиев.