17-ноябрь айына жетпей төрөлгөн балдардын күнү

Кыргызстанда жылына 10-12 миң ымыркай ара төрөлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"17-ноябрь — ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү. Бул күнгө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда иш-чара уюштурулуп, ага акыркы 10 жыл ичинде ара төрөлгөн балдар ата-энеси менен чакырылат. Анда ата-энелер тажрыйбалары менен бөлүшсө, медицина өкүлдөрү жетишкендиктер тууралуу айтып беришет.

Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоо критерийлерине толугу менен 2004-жылы өткөн. Ага байланыштуу кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин төрөлгөн ымыркайлар 500 граммдан ашык салмак менен каттоого алынат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, көптөгөн көрүнүктүү адамдар мөөнөтүнөн мурда төрөлүп, жашоодогу оор башталыштарына карабастан, укмуштуудай ийгиликтерге жетишти. Дүйнөдө ара төрөлгөн балдардын арасында Наполеон, Исаак Ньютон жана Альберт Эйнштейн, көптөгөн атактуу актёрлор жана музыканттар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан