Тажикстан менен чектешкен жердеги Төрт-Көчө аймагына нейтралдуу макам ыйгарылат

Тажикстан менен чектешкен жердеги Төрт-Көчө аймагына нейтралдуу макам ыйгарылат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.

Мамлекет башчысы Адахан Мадумаровго тажик тарап ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турган кезде кол койгон протоколду бетке кармап жатканын айтты.

"Сиз ал протокол мыйзамсыз деп жатасыз. Бирок тиги тарап аны документ катары бетке кармап жатат. Астанада өткөн үч тараптуу жолугушууда (Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери ) дагы көрсөтүштү, "мына, кол койгонсуңар, аткарбай жатасыңар" дешти. Андан бери Камчыбек Ташиев эки жолу сүйлөшүп келди. Биз ал жерди кайра кайтарып, нейтралдуу макамын бердиртип жатабыз. Ошого макул кылдык. Эгерде мындан кийин эле кайра айнып кетпесе", - деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы ал жерде Кыргызстан тараптан 3-4 үй, тажик тараптан 20 чакты үй алынарын айтып, кыргызстандыктар Лейлекке, тажик тарап Ворухка ээн-эркин кирип-чыгышына шарт түзүү каралып жаткандыгын кошумчалады.

Тажикстан менен чектешкен жердеги Төрт-Көчө аймагына нейтралдуу макам ыйгарылат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-11-17 15:31:00
Эмне үчүн биздин жерди биздин каналды нейтралдуу кылып коюшат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан