Кыргызстанга COVID-19га каршы Moderna вакцинасы келди

Кыргызстанга COVID-19га каршы Moderna компаниясынын вакцинасы келди. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунан билдиришти.

Маалымдалгандай, 10 миң 800 доза вакцина өлкөгө өткөн жумада алып келинген. Ал эми учурда бардык аймактарга бөлүштүрүлдү.

"Бишкек шаарындагы, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмдөөдөн өтүүгө болот. Жакынкы убакта вакциналар Ош жана Баткен облустарына жеткирилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Moderna (мРНК-1273) вакцинасын ДССУ тарабынан колдонууга уруксат берилген COVID-19га каршы вакциналардын бардык түрлөрүнөн кийин деле бустердик доза катары колдонууга болот.

Эгерде баштапкы эмдөөдөн кийин 6 айдан ашык убакыт өтсө, бустердик дозаны биринчи мүмкүнчүлүктө алуу керек. Экинчи бустер дагы (4-доза) 4-6 айдан соң алынат.

Биринчи кезекте бустердик дозаны улгайган адамдар, медицина кызматкерлери, кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары бар жана иммунитети начар адамдар алууга тийиш. Бул вакцина менен эмделүү анын компоненттеринин бирине оор аллергиялык реакциясы бар адамдарга каршы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Sinopharm (Кытай) вакцинасы дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан