Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында жаңы машыгуу аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, иш-чарага шаар мэри Алмаз Мамбетов, “Шоро-Ош” компаниясынын директору Айбек Абдыбачаев, спортчулар жана жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген спортчулар оюн-зоокторду көрсөтүштү.
Аянтчанын жалпы аянты 250 чарчы метр. Участоктун аймагында турник жана брустардан тышкары, велосипед токтотуучу жай да бар. Ошондой эле көчө гимнастикасын сүйүүчүлөр акысыз Wi-Fi колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Аталган аянтча “Дельфин” бассейнинин жанында жайгашкан.