Садыр Жапаров: “Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат”

Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюлганын билдирип:

“Эми, Кудай буйруса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди тактайбыз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп, алып келебиз”, - деди ал.

Жапаров Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, достукта жашап, октон бир дагы жоокер каза болбошу керектигин белгиледи.

“Өлкөнүн аянты 199 миң чарчы чакырым болсо, чек араны тактагандан кийин 210 миңден ашык чарчы чакырым болуп, картабыз чоңоёт. Тажикстан менен чек ара чечилгенден кийин Кыргызстанды бүтүн, коопсуз деп айтсак болот. Азыр биз жарты Кыргызстанбыз, 30 жылдан бери кескилеп жатып, жарты кылып салышкан. Баарын кайтарып, бүтүн кылып жатабыз”, - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal11
2022-11-17 19:58:00
Булар бутуп Баткендин 4 кочосун саттын, Чечме булагын саттын. Кезекте кайсы жерлер бар сата турган?
+2
Antiradikal11
2022-11-17 19:58:00
Кемпирабадды саттын. Орто-Токойду да саттын. Гавасайдын дарыясын саттын......
+2
Antiradikal11
2022-11-17 19:59:00
Баткендин жарымын сатып бутуп Нарынга от, Жетим Тоо бар сата албай жургонун.
+2
Mashyrbek
2022-11-18 11:32:00
Мадумаров саткан торт кочону айтип койсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан