Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да ыраазычылык айтылды. Шахмат залы 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт.
Имаратта бардык тиешелүү шарттар бар.