БУУ Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга 90 миллион доллар берет

Кыргызстанга БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында жакырчылыкты жоюуга 90 миллион доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр Кудайберген Базарбаев бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында Кыргызстандагы БУУнын Азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды жана азык-түлүк коопсуздугу программасын тааныштырды.

"Ушул жылдын 9 айында эле 131 миң аз камсыз болгон кыргызстандык же 30,5 миң аз камсыз болгон үй-бүлө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ар кандай долбоорлоруна катыша алышты. Аз камсыз болгон жөлөк пулду 105,5 миң үй-бүлө алаарын эске алып, биз жакырчылыкты жоюу боюнча чаралар менен муктаж болгон ар бир үчүнчү үй-бүлөнү камтый алдык деп айта алабыз. Жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорго 108 миңден ашуун кыргызстандык катышып, алар үчүн ун жана өсүмдүк майын алышты. Дагы 20,5 миң адам "жумуш үчүн накталай акча (окутуу)" схемасы боюнча долбоорлорго катышты. 2,9 миң адам мамлекет менен социалдык келишим түзүп, бюджеттен кайтарымсыз каражат алуу менен өз ишин ачты", - деди Кудайберген Базарбаев.

Ошондой эле Кыргызстандагы БУУнун ДАПтын өлкөлүк директору Кожиро Накай министрлик аркылуу өлкөдө ишке ашырылып жаткан активдүү чаралардын натыйжалуулугу тууралуу айтып берди.

Кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык стратегиялык планга ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга Кыргызстан 90 миллион доллар өлчөмүндө колдоо алат. Дагы 15 миллион доллар жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2022-11-18 19:24:00
Акылбек Жапаров айтып жаткан сандар жалганбы, Кумтөр бизге толук өтсө алтындын акчасы каяка кетип жатат? Эмнеге жакырчылыкты жоюуга деп акча алып жатасыңар тойбой жатасыңарбы акчага чиновниктер?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан