Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүргөнгө шектүү сабалды делген окуя: Милиция үн катты

Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүнүн денесинде табылган жарааттар мурда эле болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын билдиришинче, 17-ноябрь күнү Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбаев жана өзүн Жогорку Кеңештин депутатымын деп ооз эки тааныштырган Гуля Кожокулова аттуу жаран Ноокен РИИБинин имаратына келип, суткалык нөөмөттө турган кызматкерлерге 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген О.А. менен жолугаарын айтышкан. Бирок ал учурда шектүү О.А. окуя боюнча кошумча сурак берип жаткан.

"Бакыт Рысбаев тергөө кызматынын бөлмөсүнө кирип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын көрүп кайра чыгып кеткен. Ал эми Кожокулова сыртта күтүп туруп Бакыт Рысбаев менен чогуу кетишкен.

"Бакыт Рысбаев жана өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова деп ооз эки тааныштырган жаран менен шектүү О.А.нын жолугушуусуна милиция кызматкерлери тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. Шектүү тергөө кызматында сурак берип жаткандыгын Бакыт Рысбаев келип өз көзү менен көрүп чыгып кеткендигин видео байкоолордон да көрүүгө болот. Ал эми шектүү О.А.нын денесиндеги жарааттары боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилгенге чейин соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ал денесиндеги жараат 2-3 күн мурда жыгылып кеткендиктен болгонун дарыгерге айткан.

Ошондой эле баса белгилеп кетүүчү жагдай, 15-ноябрь күнү шектүү О.А.нын үйү жана короо-жайы тергөө кызматы тарабынан тинтүүгө алынып, үйүнүн короосунан киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы кыздын каза болгон учурда кийип жүргөн кийимдери табылып, далил буюм катары алынып, тергөөдө мыйзамдуу өкүл катары өтүп жаткан кыздын апасына кийимдерин таанытуу протоколу түзүлгөн. Ошол эле учурда райондук милицияга Кыйноолордун алдын алуу борборунун эки кызматкери шектүү менен жолугушкан.

Каза болгон кыздын апасы аларга “силер ушул канкорду коргоп жүрөсүңөр, мен 19 жаштагы жалгыз кызыман айрылдым, силерде да кыз бар го. Мен акырына чейин барамын” деп ачууланып сүйлөп, телефонунун камерасына тартып, өз ара кайым айтышуулар болгондон кийин эки кызматкер кетип калышкан.

16-ноябрь күнү Ноокен райондук прокуратурасынын тергөө кызматы тарабынан шектүү О.А.ны окуя боюнча сурак кылып тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн денесиндеги эски жарааттары боюнча тишелүү экспертизалар дайындалган", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБнен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Allah Akbar
2022-11-19 00:03:00
Колун бутун сындырып өлтүрүү керек бул деген миң соопко тете болот исламда ошол безпредел болуп бирогоо зулумдук кылып кызды өлтүргөнү үчүн жазасы ошол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан