19-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 19-ноябрда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 суук, күндүз +10…+12 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан