Жалал-Абадда адам өлтүргөнгө шектүү жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кармалган жаран мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Маалыматта ушул жылдын 16-ноябрында кыргызстандык 21 жаштагы А. уулу М. аттуу жаран кармалганы айтылат. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, адам өлтүргөн деп шектелүүдө. Шектүүнү издөө иштеринде ыкчам маалыматтарды берүү менен Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери көмөк көрсөткөнү белгиленди.
Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, буга чейин Жалал-Абад шаарынын курорттук аймагында 2002-жылы туулган жарандын сөөгү табылган. Анда кыйнап өлтүрүлгөн белгилер болгон. Бул кылмыш иши 13-июнга караган түнү жасалып, шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
"Милиция кызматкерлери аталган кылмышка катыштыгы бар делген эки жаранды буга чейин кармашкан" деп айтылат билдирүүдө.
Анда белгиленгендей, кылмышка катышкан шектүүлөрдүн бир нечеси башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.