Чек ара: Камчыбек Ташиев Чечме булагы жана Гавасай суусу эмне болуп чечилгенин айтты

Чечме булагы жана Гавасай суусу Кыргызстанга жазылып калды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Чечме булагын азыр кандай пайдаланып жатсак ушундай бойдон гана калды. Чечме булакты эч ким өткөрүп берген жок. Өткөрүп берүүгө мүмкүн дагы эмес жана биз ага барбайт дагы болчубуз.

Гавасай боюнча, "Гавасай суусун Өзбекстанга өткөрүп бериптирсиңер" деп жатышат, муну түшүнбөгөн адамдар айта берет да. Нуржигит Кадырбеков деген депутатыбыз "Гавасай суусун Өзбекстанга өткөрүп бериптирсиңер" деп айтып жатпайбы. Сууну Өзбекстанга эч ким өткөрүп берген жок, өткөрүп берүү мүмкүн дагы эмес. Себеби Гавасай суусунун тегереги, андагы өрөөн, суунун оң тарабындагы Көк-Таш айылынын бардыгы Кыргызстандыкы жана Кыргызстанга калды. Эч ким өткөрүп берген жок", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2022-11-19 13:26:00
Гавасайбы же Гавсайбы? Бир туура жазганды үйрөнгүлөчү! Ар бир макалада экиден үчтөн ката бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан