
Сокулук районундагы Ак-Ордо конушунун 104 тургунуна кызыл китеп берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Ушул жылдын 1-апрелинде кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунун 104 тургунуна жер тилкелеринин кызыл китептери тапшырылды.
Чүй облусу боюнча жер мунапысына байланыштуу 28 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Ал эми Ак-Ордо конушунун тургундары облус боюнча алгачкылардан болуп мамлекеттик актыны колго алышты", - деп жазылат билдирүүдө.
Кубанычында чек жок тургундар көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйдүн чечилишине мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн өлкө башчысы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.