"Өздөрү билбейт". Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад маселесине каршы добуш берген депутаттар боюнча үн катты

Кыргыз-өзбек чек ара маселесин ратификациялоо боюнча мыйзамга каршы депутаттар терең түшүнбөй туруп эле добуш беришкен. Мындай пикирин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Бул мыйзамга "каршы" добуш берген депутаттар өздөрү билбейт эмнеге "каршы" добуш бергенин. Мен "Ай депутаттар, суроону бергиле, мен жооп берейин, бардыгын айтып берейин, кайсы жери жаман болуптур, кайсы жеринен биз утулуп жатыптырбыз?" десем эч нерсе айта алышпайт. "Жок, биз каршыбыз" дешет.

Мына көрдүңүздөрбү, мамлекетке керек болуп чечилип жаткан маалда элдин үмүтүн саткандар", - деди Ташиев.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган. Добуш берүүгө жалпы 83 депутат катышты. Анда эл өкүлдөрүнүн 65и "макул", 18и "каршы" добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ali88
2022-11-19 12:27:00
"Каршы добуш депуттар" болуп калыптыр го
0
ali88
2022-11-19 12:28:00
Ээ айланайын суперчилер, жанталашып эле маалыматты биринчи чырагабыз деп катасын карабай чыгара бересиңерби?
0
Hooligan
2022-11-19 12:50:00
ali88 чырагабыз дечи
0
Accord.396
2022-11-19 15:47:00
Hooliganбириндин котунду бирин чуку
-3
Taalaibek.
2022-11-20 10:22:00
Каршы берген депутаттар, ойлонуп иш кылышкан. Калгандары шашып берип койгон болуш керек. Мен ойлойм кайра добушка койсо анан туура болот деп. Макул беришкен депутаттар жанылып шашып берип коюушкан.
0
Antiradikal11
2022-11-20 14:53:00
Taalaibek. Жок, кандай шашып добуш беришет, Кемпирабаддын ызы-чуусу бир айдан бери басылбай келсе. Кемпирабадды сатууга макул деп добуш бергендер булар баары эл душманы. Элдин кызыкчылыгынан оз кызыкчылыгын, акчаны жогору койгондор. Кечээ эле АША менен Сокеге пахта коюп, бугун Аферист менен Доопараска пахта койгон акмактар. Буларды атуу керек. Саткындар булар!!!
+1
Antiradikal11
2022-11-20 14:55:00
Эй Камчы Доопарас. Доорубочу сен! Кемпирабадды сатып жиберип эми кайра догурунасын да, Кемпирабадды сатууга каршы болгон азаматтарды саткын деп. Сен озун саткынсын, лолунун тукуму. Сендей лолу доопарастын орду тозок. Тукумун курут болсун ылайым, Алла Таала туболукко тозоктон жай берсин сага. Оомин
+3
Antiradikal11
2022-11-20 14:58:00
Кечээ Озбекистан Орто-Токойго компенсация берди дедин, жерибиз суу астында калып пайдалана албай жатканыбыз учун. Компенсация алдык, бирок суу сактагыч да, плотина да бизде калат дедин. Эми ушундай эле келишим 60-70жж болгон. Озбекстан Кемпирабаддагы асыл топурактуу жерлеринер суу астында калганы учун деп компенсацияга жер берген. Кемпирабаддын жери, суусу биздики бойдон калган.
+3
Antiradikal11
2022-11-20 15:00:00
Бирок бугун силер Озбекистан убагында Кемпирабад учун жер берген, Кемпирабад Озбекистанга откон деп дооруп элди алдап жатпайсынарбы доопарастар. Эгер компенсацияны жер алмашуу деп тушунсок, анда кечээ Орто-Токой суу сактагычын Озбекистанга откоруп берипсин да, ордуна компенсация алганына караганда?
+3
Mamytovv_n
2022-11-20 19:20:00
Каршы берген депутаттар азаматсыңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан