Бишкектеги №8 бала бакчада оңдоо иштери жүрүп жатат (фото)

Капиталдык курулуш башкармалыгы Ленин районунун Чокморов көчөсү №253 дарегинде жайгашкан №8 бала бакчасында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Мектепке чейинки мекемелердин имаратынын конструкциясы эки кабаттуу. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 гектар. Курулуш аянты - 640 м2.

Бала бакча 120 балага ылайыкталган (4 тайпа).

"Учурда демонтаждоо иштери аяктап, инженердик тышкы түйүндөр – канализация, жылуулук, суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, ошондой эле ички жасалгалоо иштери, фасадды жылуулоо жана шыбак иштери аяктады.

Ошондой эле асма шыптарды, жыгач полду орнотуу, жылытуу системасы, электр энергиясы, полдун бөлүштүргүчтөрү алмаштырылып, сантехника иштери бүткөрүлдү", - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле аймак жашылдандырылды, резина менен капталган 4 балдар аянтчасы курулуп, темир тосмо орнотулду.

Азыр сантехника, таман таштарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан