Тосор айылына эл аралык спорт комплекси курулат

Министрлер кабинети Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу үчүн 72,2 гектар жер тилкесин “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көрсөтүлгөн жер тилкеси ондогон жылдар бою эффективдүү пайдаланылбай, кароосуз калган абалда жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында эл аралык спорт комплексин куруу долбоорунда жыл бою иштей турган көп функционалдуу спорт комплексин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү каралган, анда улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, ошондой эле реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат", - деп жазылат маалыматта.

Эл аралык спорт комплексинин курулушун жана тиешелүү инфраструктураны түзүүнү 2023-жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Аталган комплекстин алдын ала наркы 20 миллион долларды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан