"Мугалимине iPhone". Кочкордо ЖРТдан 200дөн ашык балл алган окуучуга автоунаа белек кылынат

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында мектеп окуучуларын билимге шыктандырууга багытталган саамалык болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Саамалыкка облус казысы Эрик Молдокулов, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты.
Жыйында быйылкы 2022-2023-жылкы бүтүрүүчүлөрү арасында сынак жарыяланып, алдыдагы ЖРТ сынагынан 200 баллдан жогору балл алган окуучуга демөөрчүлөр тарабынан автоунаа белекке берилмей болду. Мындан сырткары окуучуларды мыкты даярдаган окутуучу агай-эжелердин бирөөсүнө акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефону белек кылынмакчы. Ал эми жалпы Кочкор району боюнча ЖРТ сынагынан алдыга озуп чыккан окуучуга 100 миң сом акчалай сыйлык "Кочкор" коомдук фонду тарабынан берилери убада кылынды.
Эрик Молдокулов Чолпон айылына жасаган иш сапарында айылдык мечитти да зыярат кылып, мечиттин тазалыгын текшерди. Андан соң чогулган элге жума баянын өтүп, эл-жерге, мекенге, келечек муунга дуба кылынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан