Жогорку Кеңештин делегациясы иш сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.
Белгилүү болгондой, сапар бүгүн, 21-ноябрга белгиленген. Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жетектейт.
Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Мындан сырткары жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар пландалган.
Белгилей кетсек, делегациянын курамында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Элдар Сулайманов бар.