Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 8 күн эс алмай болду

Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, министрликтин токтом долбооруна ылайык, 1-январдан 8-январга чейин дем алыш жарыялоо сунушталды. 1-январь жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-январь да дем алыш күнү болот.

"Ал эми 3-январдын ордуна 9-январда иш күнү болот, бул күн Рождествонун урматына эс алуу күнү болуш керек болчу", - деп кошумчаланат билдирүүдө.

Ошондой эле катар эс алуулардын ордуна кыргызстандыктар 25-февраль, 11-март жана 25-мартка туура келген ишембилерде жумушка чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан