Кызыл-Кыяда “Камкордук” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Кызыл-Кыя шаарында “Камкордук” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган иш-чара кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында уюштурулду.

Анын алкагында милиция кызматкерлери “Таштемир-Ажы” борбордук базарын, балдар топтолуучу жайларды жана темир жол бекеттерин текшерүүгө алды. Балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылды.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен Укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин негизинде 5 ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан