Кийинки жылы өлкөдө 800 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында билдирди.
"Ош жана Бишкек шаарына ким бала бакча жана мектеп курам десе жерди бекер беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди инвентаризация кылып жатабыз", - деди Жапаров.
Белгиленгендей, бала бакча жана мектеп куруучуларга канализация, электр энергиясы жана суусу бекер алып келинет.
"Мектеп менен бала бакчаны жеке ишкерлерге беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди мэрлерге бердик. 1-февралга чейин аныктап, анан сынакка чыгарабыз. Кийинки жылы Кыргызстан боюнча 800 бала бакча ачылат. Анын ичинде 560ы 3 саат иштейт. Анан 5 саат иштегени болот, тамак ичпей эле мектепке даярдашат. Эки нөөмөт менен иштеген 247 жаңы бала бакча ачканы жатабыз", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Акылбек Жапаров ошондой эле учурда өлкөдө мектеп жетишсиздиги өзгөчө көйгөй жаратып жатканын белгиледи. Анын айтымында, калктын саны өсүп жаткандыктан жылына Кыргызстан 24 мектеп жаңы салып турушу керек.