Кореяда иштеген кыргыз жигит: "Мекенимде ишкана ачып, жумуш орундарын түзсөм дейм" (маек)

SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат.

Бул жолу Түштүк Кореянын Ичон шаарында эмгектенип жүргөн мекендешибиз Темирбек Бегетов менен маек курдук. Каарманыбыз мекенине болгон сагынычы, Корея өлкөсүнөн алган таасирлери тууралуу ой бөлүштү.

Темирбек Бегетов 32 жашта. Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган. Учурда Түштүк Кореянын Ичон шаарында жайгашкан өнөр жай тармагындагы ишканалардын биринде эмгектенет.

Мекендешибиз Кореяга "EPS topik" программасы аркылуу 3 жылдык келишим түзүп кеткенин, эмгек акысын өз убагында жана келишимде көрсөтүлгөндөй алып жатканын сөз кылды.

- Корея менен Кыргызстандын атайын мигранттарга арналган "EPS topik" (15 мамлекет менен келишим түзгөн Кореянын программасы) деген программасы бар. Ал программа аркылуу сынактардан өтүп, учурда иштеп жаткан айнек чыгаруучу завод менен 3 жылга келишим түзүп келгем. Быйыл Кореяга келгениме 3 жылдын жүзү болду.

- Чет өлкөдө эмгектенип жаткан айрым мекендештер жумуш, маяна келишимде көрсөтүлгөндөй чыкпай калган учурлар болорун айтып келишет. Сизде кандай болду?

- Менде андай учур катталган жок. Келишимде көрсөтүлгөндөй эмгек акы алып келем. Андан сырткары дагы кошумча жумуштарды беришет (подработка) ага 150 пайыз акы төлөнөт.

- Корей элинин сизди суктандарган сапаттары кайсы болду?

- Корей элинин маданиятын, салт-санаасын көрүп, улууга урмат, жөнөкөйлүк, эмгекчилдик сапаттарын байкадым. Убакытка өтө так болушат. 5 мүнөт кечигүү булар үчүн уят нерсе. Ар бир ишти жоопкерчилик менен жасашат. Албетте, Корей жарандарынан үлгү алчу сапаттар көп. Бирок муну менен мекендештеримди жаман дегенден алысмын.

- Акыркы кезде сизди көп ойлондуруп, бушайманга салган жагдайлар барбы? Болсо кайсылар?

- Соңку убактарда мени бушайман кылган нерселер Баткенде болгон окуялар, чек ара чырлары болду. Мекенден алыста жүргөндө кыйын экен. Тактала элек чек араларыбыз эртерээк такталып, мекенибиздин пайдасына чечилип, элибизде тынчтык болушун каалайт элем.

- Көкүрөктө мекенге болгон сагынычты кантип таратасыз?

- Чынын айтсам, мекенге болгон сагынычты таратыш кыйын. Ата-энем, бир туугандарым менен сүйлөшкөндө бир аз тарайт.

- Жумуш убактысында кызыктуу учурлар болсо керек...

- Кореяга жаңы келгенде тилди жакшы билчү эмесмин. Андыктан күлкүлүү, кызыктуу окуялар көп эле болду. Алардын бирине токтоло өтөйүн, жумуштан аппарат бузулуп калган учурларда инструментке жумшаса туура эмес түшүнүп алып, эки-үчөөнү кармап алып ушунун бирөөсү болот чыгар деп баарын көтөрүп барчумун (күлүп).

- Биз, кыргызстандыктар, Кореяда иштейт десе эле башкача элестетебиз да. Анан "биз дагы барып иштеп келсек" дегендер четтен чыгат. Ал жакка барам деген мекендештерге эмнелерди айта аласыз?

- Туура айттыңыз, Корея десе эле баары сонун, акча жеңил табыла тургандай элестетиши мүмкүн. Бирок баары эмгектен көз каранды жана ар кандай кыйынчылыктар да болушу ыктымал. Келем деген мекендештерибизге, кыргызды ар дайым жакшы жагынан таанытсак дейт элем. Анткени корейлер же башкалар болобу Темирбек же Максат деп тааныбайт, Кыргызстандын жараны деп тааныйт. Андыктан Кыргызстандын атын булгабашыбыз керек. Өнүккөн өлкөгө келип окуп, иштеп, тажрыйба топтоп, жакшы идеяларды алып барып мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошсок. Буюрса, мекенимде чакан ишкана ачып, жумуш орундарын түзүү изги максатым бар.

- Тыйындын эки тарабы бар дегендей, Кореяда сизге жакпаган жагдайлар деле бар болсо керек?

- Ооба, жакпаган жактарын айтсам жумуш-үй болуп жүрүшүп, стресс көп болот. Өкүнүчтүүсү жаштардын арасында суицидге баргандары көп кездешет экен. Жакында эле Хэллоуин майрамында жүздөн ашык 17-25 жашка чейинки жаштар тебеленип курман болуп калышты.

- Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Аман-эсен мекениңизге келип алыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан