Кыргызстан менен Италиянын ишкерлер чөйрөсүнүн байланышын түзүү аракети көрүлүүдө

Кечээ, 23-ноябрда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Ломбардия аймагындагы Брешиа шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Роберто Сакконе менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты элчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда эки мамлекеттин ишкерлерине өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Элчи Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы, бизнес жүргүзүү шарттары, ошондой эле чет элдик инвесторлорго берилген жеңилдиктер менен тааныштырды.

Мындан сырткары Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялык паспорттор италиялык тараптын кароосуна берилди.

Өз кезегинде Роберто Сакконе Кыргызстан менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда чек ара байланышын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө жана долбоорлорду практикалык ишке ашыруу үчүн Брешиадан Кыргызстанга бизнес-делегациянын иш сапарын уюштуруу маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан