Эртең, 25-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт.
Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Иш-чара 25-26-ноябрь күндөрү өткөрүлүп, саат 10:00дө башталат. Курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.