Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасынан жыл жаңыргандан кийин пенсиянын минималдуу суммасы канча болорун сурады.
Депутат Конституцияда "2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан аз болбойт" деп жазылганын эске салып, ал норманын аткарылышына кызыкты.
"1-январдан тарта 44-берененин 2-бөлүгүндөгү норма күчүнө кирет. 1 миллиондон ашык жаран ушул Конституцияны колдошкон. Алар пенсия жашоо минимумунан төмөн болбойт деп ишенишкен. Себеби норма ошондой болчу, бул норма иштейби?", - деп сурады Бекешев.