Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Кечээ, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында “Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “Кыргызстандын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралды.

Аталган маселелер боюнча Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү маалымат берди.

Муну менен катар депутаттар аймактарды өнүктүрүүгө, калктын социалдык абалын жакшыртууга, экономиканы алдыга жылдырууга багытталган бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан