Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүүдө. Курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды. Жыйынга төрага шайланганга чейин жаш курагы боюнча делегаттардын эң улуусу Кемелбек Ашыралиев жетекчилик кылды. Андан соң төрага болуп Кадыр Кошалиев шайланды. Ал эми Чүй облусунан делегат болуп келген Саламат Кубандыков Элдик курултайдын жооптуу катчысы болуп шайланды.
Курултайга шайланган аксакалдар кеңешинин курамы:
- Баткен облусу - Баймурат Бекмуратов, Хайит Айкынов;
- Жалал-Абад облусу - Бекболот Ибрагимов, Абдыразак Борбиев;
- Нарын облусу - Дамира Ниязалиева, Токтосун Казиев;
- Ош облусу - Абдиват Зулпиев, Шергузу Тойчиев; Талас облусунан Талантбек Игилов, Абдыкадыр Султанбаев;
- Чүй облусу - Каныбек Сарымсаков, Анарбек Шаршеев;
- Ысык-Көл облусу - Калмурза Эсентуров, Дүйшөнбек Карымшаков;
- Бишкек шаары - Бейшенбек Абдыразаков, Кадыралы Кошалиев;
- Ош шаары - Улукбек Садиков, Орозбек Акимбаев.
- Орусиядан келген делегат Майызбүбү Бердибекова;
- Муфтияттан Замир Ракиев.
Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров катышууда.