Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Кемин районунан келген делегат Сартпай Курманалиев коргоо министри Бактыбек Бекболотовду сот жообуна тартуу керектигин айтты.
"Коргоо министрлигинде терең реформаны жүргүзүү керек. Кыргыз армиясындагы “дедовщинанын” айынан алты айда алты бала каза болду. Эмне үчүн коргоо министри жооп бербейт, аны трибуналга бериш керек. Сот жообуна тартыш керек. Уставга каршы иштер аткарылса, Курултайдын делегаттарынын алдында көзөмөлгө алынсын", - деди делегат Курманалиев.
Ошондой эле анын пикирин Элдик курултайдын төрагасы Кадыралы Кошалиев да кубаттады.