"Тоолуу райондордо кар жаайт". 26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 26-ноябрга түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +0…+5;

Бишкекте 26-ноябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан