Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага айып пул салынды. Мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Ал 3 миң сом айыпка жыгылганын “Кылым шамы” коомдук фондунун директору Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эске салсак, Азиза Абдирасулова 15-ноябрда Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы митингден кийин милиция тарабынан кармалган.
Ички иштер башкармалыгы муну ал укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени менен түшүндүргөн.