Акылбек Жапаров: "Салыкты төлөмөйүнчө эч ким тынч уктабайт"

Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салык төлөөнүн зарылдыгын айтып берди.

"Мындан ары Кыргызстанда ажал Кудайдан болсо, салык өкмөттөн болот. Салыкты төлөмөйүнчө эч ким тынч уктабайт. Муну жакшылыктын айлампасы катары көрүшүбүз керек. Демек, өзүбүзгө кайтып келүүчү эле жакшынакай мектептер, пенсия, жөлөк пулдар. Ошондуктан салыктарды төлөө абзел. Башыбыздан баары өттү, мындан ары бизге өнүгүүдөн башка эч нерсе жок. Президент биринчи элде болсо, анан бизде болот деген түшүнүктү киргизип жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 25-26-ноябрь күндөрү улуттук филармонияда өтүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча биринчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан