Бишкекте көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө

Борбор калаада отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилинде калкты өз убагында жана туруктуу көмүр менен камсыз кылуу максатында Ленин районунун акимиаты Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору менен бирдикте Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы облустун отун базаларында көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүштү", - деп билдиришти мэриядан.
Мониторингдин жүрүшүндө катуу отунга (көмүргө) баалардын спекуляциялык өсүшүнө жол бербөө максатында отун базаларынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда отун базаларында Кара-Кече кенинен чыккан жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4500 сомдон сатылып, көмүрдүн көлөмү жетиштүү болсо, казактардын шабыркүлү 5500 сомдон сатылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2022-11-25 21:12:00
Ошто деле козомолдоп койбойбу, 8 минден болуп атат тоннасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан