Курултайдын экинчи күнүндө конок катары чакырылган Сапарбек Аргынбаев президент Садыр Жапаровдон Алексей Ширшовдун убадасы тууралуу сураган.
Ал эми өлкө башчы Максим Бакиевдин 200 миллион долларын өндүрүп алууга 10 жылдай убакыт керек экенин билдирди.
"Ооба, мен айтканмын, Ширшовду тээ башында кабыл алып, андан жеке кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды топтоп, кайра кетиргем. Ошол бойдон кеткен. Эл ушуну көп сурайт.
2010-жылдан 2019-жылга чейин убактылуу өкмөт Максимдин аркасынан кууп жүрдү. Эң биринчи акчасы тогуз жылдан кийин 4,5 миллион доллары келип түштү. Эми алдыда келаткан бешпи, алтыбы, он жылдан кийин келип түшсө деле ошого да кубанышыбыз керек. Анан жөн эле алка-жакадан алып, бүгүн эле алып келип салагой дегендей оюнчук оокат эмес. Ал биздин банктарда жаткан акча эмес. Аны тастыктап, аркасынан изилдеп, андан кийин далилдеш керек. Андан соң алып келиш керек, буга ондогон жылдар керек", - деди өлкө башчы.