Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербургда 27 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип кармалган Кыргыз жараны боюнча маалымат берди.
Андагы маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-ноябрында Санкт-Петербургдун Приморский районунда 27 жаштагы Орусиянын жаранынын жансыз денеси өзүнүн батиринен табылган.
"27-ноябрда Приморск районунун укук коргоо кызматкерлери тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты жасаган деп шектелип, 1981-жылы туулган А.И. аттуу Кыргыз жараны кармалды. Кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алды", - деп билдиришти элчиликтен.
Эскерте кетсек, орусиялык басылмалар 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип Кыргыз жараны кармалганын жазышкан. Ага ылайык, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, каргашалуу окуяга себеп болгону маалымдалган.