Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 1-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.
Анда жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Султанбековага "Макул" 81, "каршы" 2 добуш берилген.
Белгилей өтсөк, буга чейин аталган комитетти Медер Алиев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде комитет төрагалыгынан кеткен болчу.