Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары иштен кетти

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты министрликтин маалымат кызматы тастыктады.
Касымбеков бул кызматка ушул жылдын 4-июнунда мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иш козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн.
Министрликке жаңы жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген.
Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби жана анын ордуна ким келери айтылган жок.
Жаркынбек Касымбеков 49 жашта. Ал 1996-жылы Медицина академиясын аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан