Саламаттыкты сактоо министрине жаңы орун басар дайындалды

Тилек Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Мамадалиев кечээ, 7-декабрда министрликтин жамаатына тааныштырылганы кабарланды. Ал буга чейин саламаттык сактоо министринин жардамчысы болуп иштеген.
Министрдин буга чейинки орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулган болчу.
Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп кармалгандан кийин Касымбеков министрдин орун басары кызматына дайындалып, министрдин милдетин аткаруу иши да жүктөлгөн. Ал ушул жылдын июнь айынан тартып августка чейин иштеди.
Министрликке жаңы жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан