Борбор калаа Бишкекте дагы 32 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу маалыматты калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева тастыктаган.
- Биринчи Май району - №27, 75, 83 мектептер.
- Ленин району - №2, 8, 22, 47, 57, 74, 79, 80, 97 мектептер.
- Свердлов району - №10, 11, 16, 21, 30, 33, 35, 66, 89 мектептер жана Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.
- Октябрь району - №14, 17, 34, 56, 62, 63, 71, 73, 88 жана 98 мектептер.
Буга чейин борбор калаадагы 8 мектеп карантинге жабылганы кабарланган болчу.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтө турганын жана бул учурда мугалимдердин айлыгы толук төлөнөрүн билдирген.
Белгиленгендей, өлкө аймагында адистер күн сайын эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.
Эгер мектеп же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алына турганы айтылган.