Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республика боюнча жалпы 509 (саат 10:00гө карата маалымат) билим берүү мекемеси карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, аймактар боюнча жабылган мектептердин саны:
Бишкек шаарында – 40;
Ош шаарында - 10;
Чүй облусунда – 333;
Талас облусунда – 114;
Жалал-Абад облусунда – 10;
Ош облусунда – 1;
Баткен облусунда - 1.
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.