Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам кечээ, 17-декабрда каза болду. Актёр 44 жашта болчу. Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Буга чейин анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюла турганы маалым болгон.
Азиз Мурадиллаев 1978-жылы 12-июнь күнү Бишкек шаарында таланттуу актёрлордун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Атасы Үсөн Мурадиллаев, апасы КРнын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева. Актёр мектепти аяктаган соң Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Азиз Мурадиллаев "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Төлгө", "Абийир кечирбейт" сыяктуу 40тан ашуун спектаклдерде ойноп, "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" жана башка тасмаларда роль жараткан.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Азиз Мурадиллаев интервьюларынын биринде актёр болбосом, сүрөтчүлүк жактан өзүмдү сынап көрмөкмүн деген. Театр жашоосунун бир бөлүгүнө айланган актёр мектеп босогосун аттай электе радиодон балдарга арналган "Бөбөк, сенин жомогуң", "Акокай менен Тапкычбек" деген берүүлөрдү алып барчу.
Ата-энеси да чыгармачыл чөйрөдө болгондуктан гастролго чыкканда аны өздөрү менен кошуп алып жүрүшчү. Артисттерге кошулуп жаш баланын ролун аткарчу. 11-классты аяктагандан кийин бизнес ачып көрүп, бирок жан дүйнөсүнө жакын болгон кесип - актёр болууну чечет.
Ата-энесинин каршылыгына карабай 1994-жылы театралдык студияга тапшырган. Студияны аяктагандан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан билимин улантты.
Театрда иштеп жүргөнүндө Мурат Мамбетовдун "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, тасмадагы тушоосу сериалдан кесилген. Кийин көптөгөн тасмаларга сунуш түшүп, тартылды. Актёр катышкан фильмдердин ичинен элге кеңири таанытканы "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын ролу болду. Окууну аяктагандан кийин "Учур" театрына жумушка орношкон. Бирок ал театрда бир ай иштеген соң жетекчилик менен тил табыша албай кетип калган. Кийин Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда иштеп, Орус драма театры, Кыргыз улуттук академиялык театрынан сунуш түшүп, бир учурда үч театрда иштеди. Кийинчерээк Кыргыз драма театрында гана иштөөнү тандаган.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Таланттуу актёр 1996-жылы 18 жашында өзүнүн курсташы Эльвира Жумалиевага баш кошкон. Жубайлардын ортосунда Шаа жана Саади аттуу эки уулу бар. Эльвира Жумалиева интервьюларынын биринде жолдошу тууралуу:
"Азиз үйдө жалгыз бала болгондуктан аябай эрке өскөн. Тамакты да тандап жейт. Тамак даамдуу эле болбостон, кооз да болушу керек. Жумушка түшкү тамагын баштыгыма салып келем. Баарыбыздын караганыбыз эле Азиз. Өзү ак көӊүл, жумшак адам. Мага да, балдарына да такыр катуу айтып кыйкырбайт. Ошондуктан балдары ага жакын. Балдары "атабыз ким болбосун, кандай болбосун, канчалык туура эмес иш кылбасын, дүйнөдөгү эӊ жакшы ата биздики" дешет", - деп айткан мындан бир нече жыл мурун.
НААМДАРЫ
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.
МАЕКТЕРИ
"Жаштыгымдын 7 жылы актёрлукка окуу менен өттү. Башкача айтканда, гүлдөп турган чагымда окуу менен алек болдум. Башка жол менен кетсем, азыр, балким, бир кабинетти ээлеп отурмакмын же көп акча таап, бизнесмен болмокмун. Бирок азыркы кезге чейин бир да жолу туура эмес кылыпмын деп өкүнгөн эмесмин", - деген маектеринин биринде.
Азиз Мурадиллаев SUPER.KG порталына акыркы жолу 2021-жылдын жаз айларында апасы, жары, алгачкы сүйүүсү жана башкалар тууралуу маек берген.
Эске салсак, 2016-жылы дарыгерлер Мурадиллаевге 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити деген диагноз коюшкан. Ал эми ошол эле жылдын 18-октябрында Москвадагы клиникалардын биринде актёрго операция жасалган.
Кийинчерээк 2017-жылы актёрдун анализдери жакшы чыгып, Түркияда боло турган боорун алмаштыруу боюнча операция жасалбай турган болгон.
Ушул жылдын 3-декабрында Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат тараган. Операцияга жалпысынан 45 миң доллар керек болуп, анын 3 миң доллардан ашык суммасы эл тарабынан чогулса, 42 миң доллары өлкө башчы Садыр Жапаров бөлүп берген.