Кионун жана театрдын жылдызы өчтү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбеков актёр Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнатында билдирди.
"Кенедей кезинен театрдын босогосун аттаган. Анын театрдын ичинде чуркап жүргөнү көз алдымда турат. Театр өнөрүндө эмне деген образдарды жаратты. Жашоодо өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, ички маданияты, сырткы маданияты, улууга жана кичүүгө болгон өзгөчө мамилеси менен айырмаланып турчу. Жүзүндө төгүлүп турган мээримдүүлүк бар эле. Акыркы эмгегин да жаратып кетти. Казакстанда өткөн маданият күндөрү менен катарлаш чоң фестивалга "Саманчынын жолу" спектакли менен катыштык эле. Анда экинчи режиссёр катары эмгекти тартуулады эле. Ошондо эл залга батпай, Азиз алкышка татыды эле. Анын арты менен Азиз баш байгени театрга алып берип туруп, анан кетти. Бул акыркы эмгеги болду, дагы далай эмгек жаратмак. Элдин сүймөнчүлүгү деген ушул. Бүгүн да залга эл батпай турат. Азиз ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашайт", - деди Өзүбеков.
Эске сала кетсек, учурда Бишкекте театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.
Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актёрдун жакындары, санаалаштары, сахналаштары жана көрүүчүлөрү катышууда.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган. Ал болгону 44 жашта болчу.
Азиз Мурадиллаевдин сөөгү актёрдун өтүнүчү менен "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.