Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү жерге берилип, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Актёрдун жаназасы Бишкек шаарындагы үйүндө окулду.

Коштошуу зыйнаты актёр эмгектенген Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү.

Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актердун жакындары, санаалаштары, сахналаштары жана көрүүчүлөрү катышты.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган. Ал болгону 44 жашта болчу.

Ал эми актёрдун жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал боор циррозу оорусу менен жабыркап келген. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров анын дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген болсо, калган сумма эл тарабынан чогултулган болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан