Түштүк Кореянын аскер-аба күчтөрүнө таандык учак Гангвон провинциясынын Хенсон округуна кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:40та Сеулдан 140 чакырымдай чыгыш тарапта жайгашкан Хоенсон округуна кулап түшкөн.
Борттогу эки учкуч аман-эсен учактан чыккан. Алар жакынкы ооруканага жеткирилди, учкучтардын ден соолугунун абалы тактала элек. Аскердик учак талаага кулап түшкөн, жайкын тургундардан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Учурда учак кырсыгынын келип чыгуу себебин тактоо иштери башталды.