УКМК издөө жарыялаган депутат Эмил Жамгырчиев парламентке келди

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынына УКМК өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетти деп издөө жарыялаган депутат Эмил Жамгырчиев келди.

Атайын кызмат 26-декабрда Жамгырчиевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгын жана анын Кыргызстанда жок болуусу, чек арадан мыйзамсыз өтүп, башка өлкөдө жүргөнүнөн кабар берерин билдирген.

Кийинчерээк депутат социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусунда экенин жазган.

Белгилей кетсек, депутат Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы маалым болгон. Кесиптеши Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кармап, кайра коё берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан